Өзгөндө эже-сиңдилер көмүрдөн чыккан иске ууланып, бири каза болду

Өзгөндө эже-сиңдилер көмүрдөн чыккан иске ууланып, кичүүсү каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.

Белгилүү болгондой, электр жарыгынын өчүп калганына байланыштуу эже-сиңдилер чакага көмүр жагып жылынышкан.

"Окуя 12-январь күнү Өзгөн шаарындагы "Батма эне" чайканасында болгон. Өзгөн районунун Көлдүк айылынын тургундары 38 жаштагы Айгүл Т. жана 36 жаштагы Лира Т. аттуу бир туугандар чайканада иштеп, жашашкан. Түндө электр жарыгы өчүп калгандыктан, эже-сиңдилер көмүрдүн чогун чакага салып, бөлмөсүнө алып кирип жылынышкан. Жыйынтыгында көмүрдөн чыккан иске ууланышып, кичүүсү Лира Т. ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми Айгүл Т. аймактык ооруканада дарыланууда", - деп билдирди Ашырбаев.

Мындан сырткары басма сөз кызматкери чайкананын жетекчилигинин жоопкерчилиги, окуяны иликтөө иштери аягына чыккандан кийин карала тургандыгын кошумчалады.

"Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бир туугандар уктаган бөлмөдөн электр энергиясынан тышкары альтернативдүү жылытуу системи каралбай, от жагуучу меш курулган эмес. Чайкана жетекчилигинин жоопкерчилиги териштирүү иштери бүткөндөн кийин каралат", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2019-01-14 13:28:31
Жайы жаннаттан болсун!
Чон эле эжелер экен кантип билишпейт.Комурдон газ чыгышын.зыян,кооптуу экенин.
+2
rkurstan
2019-01-14 14:14:47
Эртерээк карагыла жоопкерчилигин.
Карашовторго тиешелуу мулк бул, бийликтин кучу менен ишти жаап салбагыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан