Аида Акматова калың журтка II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында буту менен жаа атып таанылган. Цирктеги өнөрүнүн аркасында Европанын рекорддор китебине кирген кыргыздын кызы бир кезде колу-буту сынып төшөктө жатып калган. Анда азыркыдай жылдызы жанмак түгүл, басып кетиши күмөн эле.
“Номерлерим окшошпой жатса отура калып ыйлачумун. Жан чыдагыс ооруга туруштук берип отуруп ийгиликке жетиштим. Башымдан өткөн сыноо үчүн бир да өкүнбөйм”, - дейт жаачы кыз.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№846, 18-январь, 2019-жыл) окуй аласыз.