Футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык этабына биринчи жолу катышкан Кыргыз курама командасы өзүнүн мыкты оюну менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ал оюнда элдин эсинде калган оюнчулардын бири – дарбазачы Кутман Кадырбеков болду.
"Эң негизги мотивация берген адам – бул менин апам. Ар бир адам мени менен макул болсо керек, эне дүйнөдөгү эң кымбат зат. Футболду тандап алганыма апам ыраазы. Мен оюнга ар дайым апамдын жылмаюусу үчүн чыгам", - дейт ал.
Маекти толугу менен "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№848, 1-февраль, 2019-жыл) окуй аласыз.