Учурда абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров менен маегибизди улантабыз. Бул ирет саясатчы өлкөдөгү укук коргоо, тергөө-көзөмөл, сот системдери калың элге кандай коркунучтуу органдарга айланганын өз жон териси менен сезген адам катары баяндап берди.
"Тергөө, прокуратура, сот системдерин түп-тамырынан бери реформа кылбаса иш чатак. Мисалы, бул жакта бирөөнүн ордуна башка бирөө отурат. Тергөөчү, прокурор, соту баш болуп "сен Сулайманов Тариэлсиң" деп эле соттоп жиберишкен экен. Бул Сулайманов Тариэл эмес, Абышов Тагайбек деген бала", - дейт ал.
Маекти толугу менен "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№848, 1-февраль, 2019-жыл) окуй аласыз.