Бүгүнкү күндө көпчүлүк жарандар ар түрдүү акчалай пирамида же болбосо тармактык маркетингге туш болуп келет.
Кыргыз өлкөсүндө "Драгонс", "Моңолдор-Ата", "Голден Драгонс" жана башка ушундай сыяктуу компаниялар ачылып, элден акча чогулткандан соң жабылып калышкан. Пирамидага тартуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушат, атактуу адамдар, ырчы-чоорчуларды пирамиданын сап башына коюшат, ар кандай семинарларды өткөрүшөт жана башка.
Бир эле мисал, 2016-жылы ушундай пирамидалардан жапа чеккендерин белгилүү алпаруучулар Максат Надырбеков менен Нурзат Токтосунова SUPER.KG`нин түз эфиринде "Бир компанияга ишенип алып 4 миң долларга алданып калдык. Биз жарнама кылып, өзүбүз да акча салганбыз" деп агынан жарылышкан.
Материалды толугу менен "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№849, 8-февраль, 2019-жыл) окуй аласыз.