Виталий Люкс Кыргыз курамасынын катарына 2015-жылы чакырылган. Анын жылдызы Азия Кубогунда жанды. Жигиттер анын Филиппин курамасына киргизген кооз голдоруна баа берсе, кыздар анын жылмаюусуна ашык болушту. Президенттин колунан "Даңк" медалын алууга жетишкен Виталий менен маек курдук.
"Мен клубда 29-катар саны менен ойнойм, себеби апамдын туулган күнү 29у, кайсы ай экенин айтпай эле коёюн. 2015-жылы улуттук курамга кошулганда 19-номерди алдым, жөн гана жакканы үчүн. Бирок формадагы номер мен үчүн чечүүчү мааниге ээ эмес. Жакшы оюн көргөзүү менен командага пайда алып келүү маанилүү", - дейт ал.
Маекти толугу менен "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№849, 8-февраль, 2019-жыл) окуй аласыз.