Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева жергиликтүү ЖМКлардын бирине берген маегинде 2005-жылдын 10-июнунда атасы, ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев атып өлтүрүлгөнүн, саналуу күндөн кийин эле алардын бизнесине ар кандай текшерүүлөр башталганын, белгилүү саясатчы алардын бизнесин тартып алууга аракет кылганын айтты.
"Мага атамдын жердеши компанияларыбыздын бирин тартып алганы жатат деген кабар түшкөн. Мен ошол адамга бардым. Ал мага "Жакшылыкча бер, колуңдан эч нерсе келбейт, баары бир тартып алам. Мен депутатмын, а сен эч ким эмессиң" деген жоопту берди", - дейт Сурабалдиева.
Макаланы толугу менен "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№849, 8-февраль, 2019-жыл) окуй аласыз.