Кыргыз журтчулугуна диктор катары таанылган Чынар Капарова өткөн жумада КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер катары көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештин жыйынында Чынар айым көп добуш алып утуп чыгып, бирок көрүнгөн шылтоолор менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо болду.
"Өзүңүздөр деле байкасаңыздар керек, саат 10до жыйындын алдынан мен журналисттерге "Мен өтпөйм. Бүгүнкү маселе алдын ала чечилген. Кайсы айымдын өтөрүн да билем" деп айткам. Анткени жыйынга келерде эле бул сөздөр массалык маалымат каражаттарына тарап кеткен. Күндүн биринчи жарымында 114 депутаттын 79унун колдоосуна ээ болуп, мен бекитилгениме баары күбө. Токтом чыгарылгандан кийин заматта Асылбек Жээнбеков пайда болуп, саясий оюндар жүргүзүлө баштады деп жазып чыгышты", - дейт ал.
Маекти толугу менен "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№849, 8-февраль, 2019-жыл) окуй аласыз.