Ырчы Мирбек Атабековдун «Алдадың» аттуу ырынын клибиндеги үлпөт көйнөкчөн тоюнан качкан сулуу кыз эсиңиздеби? Так ошол клиптеги башкы каармандын ролун жараткан таланттуу актриса, каскадёр Асланайым Аширова Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында кырсыкка кабылды.
“Машыгуу учурунда Аида Акматова деген дагы бир цирк кызматкери капталынан чыга калган экен. Кызым коркуп кетип ага «Кач! Кач!» деп бакырыптыр”, - дейт Асланайымдын апасы.
Эки тараптын жообун толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№854, 14-март, 2019-жыл) окуй аласыз.