“Кызым, сени биринчи колума алганда “бул жарыкка кош келдиң” деп айттым. Сенин жашооңдо таттуу күндөрүң көп болсо экен деп тиледим. Ыймандуу, билимдүү кыз болсоң экен. Апаңдын назиктигин, сулуулугун алсаң, менден эмгекчилдигимди алсаң жакшы болсо керек. Эң негизгиси сага жакшы тарбия, сүйүү бергенге аракет кылабыз...”
Бул жагымдуу сөздөрдү жаңы гана жарыкка келген кызы Дарияга атасы Нурлан Насип жолдоду. Аталык сезимдери менен бөлүшкөн ырчынын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№857, 4-апрель, 2019-жыл) окуй аласыз.