Тойота Авенсис унаасынын айдоочусу рульду башкара албай, теректи сүзүп, унаа оодарылып кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерден каза болгон. Анын жубайы, 4 баласы жаракат алып, ооруканага түштү.
“8 айлык неберем жандандыруу бөлүмүндө эмчек сурап оорукананы жаңыртып ыйлап жатты. Анын көгөргөнгө чейин ыйлап жатканын көрүп өзүмдү жоготуп коюптурмун”, - дейт таенеси.
Окуя тууралуу “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№859, 18-апрель, 2019-жыл) окуй аласыз.