Бул кызды бир күнү спорт менен машыгып жаткан видеосун, экинчи күнү кайсы бир иш-чарада алпаруучулук кылып жатканын, үчүнчү күнү ырчы катары сахнадан көрөсүз.
“Кыргыз мырзаларына үйгө келсе жылуу тамагын жасап, үйдө отурган аял жагат да. Мага окшоп тойго кетип калбашы керек (күлүп). Той түнкү 12де бүтөт. Мен акчамды алгыча түнкү 1, кийимиңди жыйнап, этек-башыңды жыйганча эки, келгиче үч болот. Бул нерсени түшүнүү оор”, - дейт алпаруучу кыз.
Айзада менен маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№860, 25-апрель, 2019-жыл) окуй аласыз.