Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр Мукамбет Токтобаев мындан 4 жыл мурун 68 жашында автоунаа сүзүп каза тапкан. Аны 46 жыл чогуу жашаган жубайы, актриса Жандат Жаманбаева эскерип, эл билбеген сырларын айтып берди.
“Мукемдин бала кездеги тагдыры оор болуп, ата-энеси бар туруп жетимчилик турмушту көрүптүр. Өгөй атасына батпай же өгөй энеге жакпай таякелеринин колунда чоңойгонун айтчу”, - дейт Жандат Жаманбаева.
Актрисанын кызыктуу маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№860, 25-апрель, 2019-жыл) окуй аласыз.