28-апрелде Кытайда күрөш боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталып, Кыргыз өлкөсүнүн балбандары ийгиликтүү кайтышты. Алардын арасынан грек-рим күрөшүндө Үзүр Жусупбеков биринчиликти багындырса, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова өз карьерасында үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды. Көптөн бери маек бере элек спортчу кыз бул жолу суроолорубузга жооп бергенге убакыт тапты.
“2016-жылы жеке жашоом тууралуу ойлонгом. Бирок Олимпиада дегенден кийин жеке жашоону азырынча токтото турайын деп чечкем. Азырынча 2020-жылга чейин өзүмдү спортко арнап койгом”, - дейт Айсулуу.
Спортчунун маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№861, 2-май, 2019-жыл) окуй аласыз.