Кал менен мең... Буларды кээ бир аймактарда синоним сөз катары кабыл алышса, дагы башка жерде көрүнүшү жалпак так сымалын кал, териден өйдө көтөрүлүп чыгып турганын мең деп түшүнүшөт. Этнографтарга кайрылсак, "калды адабий тилдеги сөз, ал эми меңди диалектикалык сөз катары кабыл алсак болот" дешти. Медицинада бул невус деп гана аталат. Денедеги кал, тактар эмнеден улам жаралат? Алар кимде көп кезигиши жана кайсы учурда ракка өтүп кетиши мүмкүн? Алдын алуу, дарылоо жолдору кайсы? Бул суроолордун жообун “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№864, 23-май, 2019-жыл) окуй аласыз.