Ош шаарында 21 жаштагы келинди бычак менен коркутуп акчасын, уюлдук телефонун жана кийимин алып кетишкен 3 кыз жана 2 балага карата Ош шаардык соту чечим чыгарды.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту айыпталып жаткандардын экөөнү К.Э. менен А.у.А.ны (ред: айыпталуучулардын бири кыз, бири эркек) 8 жылга 3 жылдык сынак мөөнөтү менен шарттуу түрдө эркинен ажыратып, 110 миң сомдук айып салды.
Ал эми дагы 2 айыпталуучу Д.у.А. менен Т.Н.ны (ред: айыпталуучулардын бири кыз, бири эркек) күнөөлүү деп таап, 4 жылга 2 жыл сынак мөөнөтү менен шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Ошондой эле аларга 50 миң сомдук айып салынды.
Мурда "уурулук" менен эки жолу соттолгон Т.Б.ны ("ХБКлык Бема" деген ат менен таанымал) күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Анын бөгөт чарасы камактагы бойдон калтырылды. Ош шаардык сотунун өкүмү соттолуучулардын жактоочусу тарабынан апелляциялык түрдө даттанылган жана аталган иш Ош облустук сотто каралат.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылдын 23-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашаган 21 жаштагы келиндин үйүнө 2 бала жана 3 кыз кирип, ага бычак такап коркутушкан. Алар жабырлануучунун үйүнөн 1 жарым миң доллар акчасын, айфон-6 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 13 миң сомун, 3 жарым миң сомдук күрмөсүн жана башка буюмдарын алып кетишкен. Бул факты боюнча Ош ШИИБи "каракчылык" беренеси менен иш козгоп, шектүүлөр кармалышкан.
Ал эми 5 жылга эркинен ажыратылган Т.Б. аттуу кыздын буга чейин дагы Ош шаарында 11-класста окуган кызды канжалата сабаган видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен. Бул факты боюнча Ош ШИИБи "бейбаштык" беренеси менен иш козгогон.