Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жеңил унаа 24 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсыгы бүгүн, 29-майда саат 15:15 чамасында Москва жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"25 жаштагы айдоочу Э.Ж. өзүнүн Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып 24 жаштагы Т.Аны сүзүп алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү иштер аткарылууда", - деп билдирет басма сөз катчы.