Үй – чарчап келгенде эс алуучу уя. Адатта үйдүн жасалгасы кожойкенин табитине жараша болот. Бул жолу ырчы Анжеликанын 3 бөлмөлүү элиталык үйүндө конокто болуп, ырчы айымдын табитин көрүп келдик.
"2018-жылдын сентябрь айында сатып алгам, жасап-түзөө иштери февраль айында бүтүп, көчүп кирдик. Мага жакканы – борбордун так ортосунда, кыздарымдын ийримдерине жакын. Сатып алганда “эми качан бул бөлмөлөрдү толтурам?" деп ойлогом. Бирок баары тез, оңой болду", - дейт ырчы.
Анжеликанын үйү менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№868, 20-июнь, 2019-жыл) тааныша аласыз.