"Ар бир ийгиликтүү эркектин артында күчтүү аял турат" деген сөз бар кыргызда. Кыргыз кино чөйрөсүндө көрүнүктүү орду бар, таланттуу актёр Аскат Сулайманов бул ирет бизге аны жарыкка алып келген апасы, дем берген эжелери, карындашы, жубайы, кыздары, айтор, жашоосундагы аялзаты тууралуу айтып берди.
“Бала кезде апамдын түйшүк тартканын көп деле түшүнгөн эмес экенмин. “Балам, балалуу болгондо билесиң” дегендей, азыр алты баланын атасы болуп, алты эмес, бирөөнүн эле түйшүгү оор экенин жон терим менен сезип отурам”, - дейт актёр.
Аскат Сулайманов менен кызыктуу маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№869, 27-июнь, 2019-жыл) таба аласыз.