Нарын шаарында 25-майда өткөн акыркы коңгуроодо Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 1-классынын окуучусу ырдап жаткан классташ кызынын жанына туруп алып бийлеп, өзгөчө бийи менен интернет жылдызына айланды.
"25-майда акыркы коңгуроо болуп, уулум 1-классты аяктап жаткан. Иштерим чыгып мектепке кирип кетсем "балаң бийлеп жатат" дешти. Чыксам эле бүтүрүүчүлөр, ата-энелер баламдын бийлегенин видеого тартып жатышыптыр. Өзү эле чыгып бийлеп кириптир, баары боору эзилип күлүп эле калышты",- дейт 7 жаштагы Тилектин апасы.
Кызыктуу маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№869, 27-июнь, 2019-жыл) таба аласыз.