“Атама” деген ыры менен көп жылдан бери экрандан түшпөй келе жаткан Өсөр Козуев эсиӊиздеби? Ырчы менен атактуулук, бут тосуулар, азыркы жашоосу, жаш ырчылар тууралуу кызыктуу маек курдук

“Арноо концертинин” жылдызы, 20 жылдай “Атама” аттуу ыры менен экрандан түшпөй келе жаткан тармал чачтуу обончу, аткаруучу Өсөр Козуевди конок төрүбүздөн тосуп алдык. 100дөн ашык обон, 100дөн ашык ырдын жаратуучусу, 30 жылдан бери чыгармачылык менен алек болуп келе жаткан маданияттын мыкты кызматкери кызыктуу ойлору менен бөлүштү.

“Ырды атама арнап жазгам. Атам Алайда мектептин директору болуп иштечү. 55 жашында жумуштан кетип жатканда узатуу кечеси болгон. Ошондо атама эмне алып барсам деп ойлонуп отуруп ушул ырды жазып барып, ырдап бердим. Шыр эле уккандарга жагып, улам-улам аткарып берүүмдү суранышкан. Ошондон бери 22 жыл өттү”, - дейт Өсөр мырза.

Ырчы менен кызыктуу маекти “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№870, 4-июль, 2019-жыл) таба аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин №870-жаңы санында...

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан