Нигериялык мугалим Бишкекте токмоктон каза тапты. Кылмышка шектүү “ал мени ашата сөктү” деп жатат. Ал эми маркумду жакындан тааныган адамдар аны “бирөөнү сөгүп, зыян келтире турган адам эмес болчу” деп эскерүүдө

2-июлда социалдык тармактарда Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун аймагында чет элдик жаран сабалган видео тараган. Видеодон муштумдан алган жаракатынан улам жаран жерде сулап жатканын көрүүгө болот. Жабырлануучу ооруканада 3 күн эс-учу жок жатып каза болуп калды. Маркум 20 жылдан бери Кыргыз жергесинде жашайт. Ал “Cambridge School” тил үйрөтүүчү мектебинин директору болгон.

“Адамдык сапаты тууралуу айтсам, бирөөгө зыяны жок, тынч жүргөн адам болчу. Шектелип жаткан жаран “мени оозго алгыс сөздөр менен сөктү” деп айтып жатыптыр. Мен Алини билем, ал андай жолго барбайт болчу”,- дейт маркумдун курсташы, алпаруучу Назира Айтбекова.

Окуянын чоо-жайын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№871, 11-июль, 2019-жыл) окуй аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин №871-жаңы санында...

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан