Адамдын алты саны аман жүрүп эле бир заматта катуу ооруга чалдыгып, тагдыры өмүр менен өлүмдүн ортосунда калганы абдан кейиштүү. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Гулан Табалдиева тагдырдын дал ушинтип айттырбай келген сыноолоруна туруштук берип, жашоосу үчүн күрөшүүдө.
“Убакыт өткөн сайын чирип баштаган омурткалардан улам жүлүнгө да доо кетип, чирип кетет дешүүдө. Жүлүнүм жарабай калгыча барып операция жасатып калсам дегенде эки көзүм төрт. Антпесе белимден ылдый шал болуп калат экен”, - дейт Гулан Табалдиева.
Каарманыбыздын оор тагдырын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№874, 1-август, 2019-жыл) окуй аласыз.