Өлкөдө бир суткада 45 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 17, Ысык-Көл облусунда 5, Талас облусунда 3, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 7, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 58 бөлүм тартылган.
Лейлек районунун Миң-Жыгач айылында 6 гектар чабылган эгин талаасы күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.