УМКК пара алып жаткан жеринен Тышкы иштер министрлигинин кызматкерин колго түшүрдү

23-ноябрь күнү УМККнын ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында ТИМдин алдындагы "Кыргыздипкызматынын" кызматкери Ж.М. 1000 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УМККнын басма сөз кызматы билдирди. Кармалган жаран чет элдик жарандан чакыруу жөнөтүү жана визаны жасоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн сумманы сураган. Учурда бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 304үнчү (кызмат абалын кыянаттык менен колдонуу) жана 313-беренелери (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан