Республика боюнча өткөн суткада 14 өрт кырсыгы катталды
Өткөн суткада өлкө боюнча 14 өрт кырсыгы катталганын ӨКМдин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик агенттик кабарлады. Облустарга бөлүп карасак, Чүйдө -1, Жалал-Абадда - 3, Нарында - 1, Ысык-Көл жана Баткенде 2ден өрт орун алган. Ал эми Бишкекте өрт боюнча 5 факты каттоого алынып, алардын биринде Жайыл баатыр жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишиндеги чачтарачкана күйүп кеткен.