Атайын рейддин жүрүшүндө 1157 жол коопсуздук эрежелерин бузуу фактылары катталды

24-ноябрь күнү Бишкектин аймагындагы МАИ кызматкерлери тарабынан саат 14:30дан 19:00гө чейин “Рулда” аттуу атайын рейд өткөрүлдү. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында жалпысынан 1157 жол коопсуздук эрежелерин бузуу фактылары катталып, 88 автоунаа айып аянтчасына коюлган. Алардын арасынан 11 айдоочу мас абалында машина айдагандыгы, 444 айдоочу тыюу салынган белгилерден өткөндүгү, 137 айдоочу ылдамдыкты жогорулатып жүргөндүгү, 37 айдоочу тиешелүү документи жок болгондугу, 21 айдоочу айнегин караңгылатып алгандыгы, 2 айдоочу башка мамлекеттик номерди тагып алгандыгы жана башка жол эрежесин бузуу учурлары катталган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2012-11-26 21:32:28
Жол эрежесин бузгандар деп коёсунар да. Азыр бизде козу корбогон кишиге деле айдоочулук куболук бере берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан