Бишкектеги Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Нават" чайханасынан чыккан өрт саат саат 12:51де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал эми Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча өрттөн жабыркагандар жок.
Өрт бүгүн, 11-январда чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 11:52де Октябрь райондук өрт өчүрүүчү кызматынан 1 бөлүм, саат 11:53тө дагы бир бөлүм жөнөтүлгөн.
Өрт саат 12:22де чектөөгө алынган.