Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында күйөөсү сабап, бейтапканага түшкөн келинге даярдалган экспертиза чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жыйынтык чыкты. Бирок ал тергөөнүн кызыкчылыгына карата азыр ачык айтылбайт. Ушул айдын аягында соттун кароосуна "үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен жиберилет", - деди басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
7-январь күнү Б.А. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Анда күйөөсү биринчи аялды сабап, андан соң апасына болушкан кызын сабаган. Экөө тең ооруканага жаткырылган. Өспүрүм кыз алган жараатын текшертип, эртеси ооруканадан чыгып кеткен. Ал эми аял ооруканага жаткырылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен катталган. Аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми анын күйөөсү кармалып, бирок камакка алынган эмес. Аялга жасалган экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүнүн баш коргоо чарасы каралары айтылган.