Дональд Трамп Ким Чен Ындын эл алдына чыгышы боюнча коментарий берүүдөн баш тартты

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын акыркы 20 күндөн кийин эл алдында чыкканы боюнча коментарий берүүдөн баш тартты. Анын билдиришинче, Түндүк Корея лидеринин эл алдына чыгышы эч кандай мааниге ээ эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Мен бул жөнүндө түшүндүрмө бербөөнү туура көрдүм. Бул тууралуу өз убагында айта турган сөзүбүз бар", - деген АКШнын президенти.

Ошол эле учурда Дональд Трамп кандай гана болбосун, бул маселе боюнча өз оюн билдирүүгө убада берген.

Буга чейин Түштүк Кореянын парламентинде оппозициялык партиянын өкүлү Жи Сионг Хо Ким Чен Ындын каза болгондугуна 99 пайыз ишенерин айткан. Бирок Түндүк Кореянын "Нодон синмун" эмгек партиясы Ким Чен Ындын 1-майда жер семирткичтер заводунун ачылышында түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан