Ростов-на-Дону шаарында ит бир жылдан бери унаада камалып жашайт

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Сержантов көчөсүнүн короосунда ит бир жылдан бери Волга унаасында жашап келет. Бул тууралуу орус басылмалар жазып чыгышты.

Жергиликтүү тургундар ит эскилиги кеткен Волга үлгүсүндөгү унаада кармалып келгенин айтышат. "Ит байкушту кээде гана бирөө келип, сыртка чыгарбаса, дээрлик камалган боюнча унаадан чыкпайт", - дешет жашоочулар.

Окуяга күбө болгон аялдын айтымында, жаныбар өзүн аябай агрессивдүү алып жүрөт. Көпкө чейин жабык унаада суусу, тамак-ашы жок жатат. "Учурдагы аба ырайынын жылуулугу +20 градуска барып жатканын эске алганда, унаада ит аябай кыйналууда", - дейт күбө.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар бир нече ирет полиция кызматына арызданып кайрылышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч ким иттен кабар алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Krai
2020-05-04 09:10:43
Машинадан коё берсе болбойт бекен
+5
Accord.396
2020-05-04 09:23:59
Krai,карантинде экен
+5
bratanyn
2020-05-04 09:59:15
Эмне деген жаңылык бул.Эшигин ачып чыгарып койсун.Болбосо рекорддор китебине киргизишсин!Бир жылдан бери чыкбай атат деп.
+3
NeRiNa
2020-05-04 10:46:47
Байкуш :(
+2
Daniel8885
2020-05-04 15:45:05
Эми ошонуда жаза бербестен койо берсе болотта итти....
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан