Суданда кыздарды сүннөткө отургузуу эми кылмыш болуп эсептелет

Суданда кыздарды сүннөткө отургузгандар мындан ары кылмыш жообуна тартылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкө бийлиги 22-апрелде кылмыш жаза кодексине киргизилген оңдоолорду бекиткен. БУУнун берген маалыматына ылайык, Суданда 10 аялдын тогузу сүннөткө отургузулган.

Аялдардын укугун коргоо боюнча уюмдардын билдиргенине ылайык, кабыл алынган мыйзам аялдардын укугун коргоону жаңы деңгээлге көтөрдү.

Дүйнө жүзү боюнча 200 миллионго жакын аял киши сүннөткө отургузулган. Аял кишилердин жыныстык органын кесүү Африканын 27 өлкөсүндө, Жакынкы Чыгышта жана айрым Азия өлкөлөрүндө бар.

Мындай иш-аракеттер аялдардын ден соолугуна зыян тийгизет. Алар кан жоготууга же төрөт учурундагы абалдын оорлошуусуна алып келет.

Адистердин айтымында, сүннөткө отургузулган аял киши жыныстык катнашка барганда ар кандай ооруксунуларды сезип, эч кандай ырахат албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Kuba-savai87
2020-05-14 19:17:28
Кандай олтургузат аял кишини
+13
satyke
2020-05-14 19:27:31
Kuba-savai87,Цветок пустыни (2009)киносун корсон сурооно жооп аласын.Болгон окуянын негизинде тартылган фильм.
+18
bessmertiy
2020-05-15 08:46:11
Kuba-savai87, аялдын тигил жагынын клиторун кесип салышат.
+3
Elnuratoktogul
2020-05-14 19:18:08
Тооба укмуш экен бу жанылыгынар. Эмне пайда табат экен сунотко отургузуп.
+7
mela
2020-05-15 11:20:15
Elnuratoktogul,ХХХХХ болбосун деп.
+1
katerina.li
2020-05-15 12:29:21
mela,элдин баары эле проститутки эмес да. Кесилбей эле жапжакшыеакай эле журук го оокатыбызды кылып
+1
bond02
2020-05-14 20:00:19
Аялдарын суннотко отургузса анда эркектердикин жарымынан эле кесип коет го.
-2
katerina.li
2020-05-14 20:05:34
Ал жакта кайсы диндеги адамдар жашайт?? Мусульмане, христиане??
+5
xnurgul_gul
2020-05-15 01:13:15
katerina.li,Мусульмандар. Суноттко отургузгандын себеби, ыссык олколордо жашаган адамдар, ыссык,б.а (сексуальный) ошого кыздар озун кармап тыйып журсун деп сунотко отургузушат. Аялдары копчулугу оргазм деген нерсени билбей отуп кетишет. Каалоо жок болот экен. Жон гана бала жасаганы эле, илгерки тушунугу
+2
nazir76
2020-05-14 20:14:50
Ыссык жерде жашаган кыздар тез жетилет, суннотко отургузуп койсо бузулуп кетпейт.
+4
ckopnuol-l
2020-05-14 20:22:07
Суннотко? Ошондо каерин кесет болду экен?
+1
kamchatka
2020-05-14 20:28:14
ckopnuol-l,тилин
+4
Accord.396
2020-05-14 20:53:39
kamchatka,)))))
+2
Tyty1990
2020-05-14 21:27:12
kamchatka,ваа тириик
+2
KAPAGAT
2020-05-14 20:51:36
Кыздарды суннотко отургузуунун себеби куйоосунун козуно чоп салбоо,тошоко болгон каалоосу азаят деп тушундурушкон жергиликтуу калк
+4
D.iamond
2020-05-14 21:17:31
Админ, суннот деген созду колдонбой тушундуруп беришиниз керек эле. Суннот эмес бул жерде арам жонундо соз экен.
+9
Mister-X
2020-05-14 21:44:07
Суннот деген созду биринчи тушунуп алалычы.Бул жерде кесуу десе болот.
+10
Perfekt
2020-05-14 23:47:29
Мен кинодон коруп, аябай жаман болгон. Цветок пустыни. Болгон окуя
+3
talaa11
2020-05-14 23:58:35
Мен вопше тушунгон жокмун,ошондо кыздардын каерин кесет?
-1
ABAkg86
2020-05-15 01:10:53
talaa11,Клиторун кесип салышат. Аялдын
жыныстык катнашты каалоосу азаят жана катнаш учурунда ырахат алуу сезими жоголот. Мындай аял зынаа кылбайт. Себеби дүүлүкпөй калат. Бирок төрөй берет.
+3
katerina.li
2020-05-15 12:27:56
Адамдын денесинде лишний эч нерсе жок. Ар бир мучону озунун милдети бар организмге кызмат кылганга. Кудай кандай жаратса ошондой эле келбет менен жашаш керек. Эр баланы суннотко отургузуу бар бизде,калган мучосун кесип салуу бул чон куноо го дейм
+2
pero5184
2020-05-15 12:57:29
Тооба укбаганды угасың
+2
KaGaH
2020-05-15 14:41:49
Биздин кыздарга керек экен сунот)))
0
mirlaane
2020-05-15 16:35:51
Мыноондай темаларга яман жазасыңар аа комент
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан