Бүгүн саат 8:00дө Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келди. Учурда Роза айым облустун айрым райондорундагы жергиликтүү ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүүдө. Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Давлетовдун маалыматына таянсак, экс-президент Каракол шаарына кечки саат 18:00дө келери күтүлүүдө. Азырынча иш сапар кандай максатта экендиги анык эмес.