АКШнын биринчи айымынын 257 миң сомдук пальтосу коомчулуктун көңүлүн бурдурду

Жакында гана 50нүн кырын ашкан АКШнын ханайымы Мелания Трамп италиялык люкс деп саналган Gucci брендинин 3500 долларлык (орточо 257 миң 763 сом) пальтосу менен эл көзүнө чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Биринчи айым президент Дональд Трамп менен бирге жыл сайын өткөрүлүүчү белгисиз аскердин мүрзөсүнө гүл коюу аземине келген. Анын алтын түстүү топчулары менен толукталган ак түстүү пальтосу массалык маалымат каражаттарынын көз жаздымында калган эмес. Аталган пальто мода үйүнүн сайтында 3500 доллар (257 миң 763 сом) турары белгиленет.

Белгилей кетсек, Мелания Трамп 50 жаштын кырын ашканына карабай, анча-мынча жаш моделдерди чаңында калтырып, кийинүү стили менен өзгөчөлөнүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
leilekstan_1987
2020-05-26 16:15:59
Чанында калтырып дегиле супер)))
+4
Omar.
2020-05-26 16:25:23
Трамптын аялы 3500 долларга пальто алса ушунча жарыя кыласыңарбы,
Асандын аялынын кийген пальтосунун баасын сурабайсыңарбы?)))
+21
talaa11
2020-05-26 21:10:28
Супер Инфо биздин эл башкарган чиновниктердин аялдары мындан кымбат кийимдерди кийишет аны эмнеге айтпайсынар???
+6
karapayim
2020-05-27 10:23:47
257минден 763мин сомго чейинки баада Трамптын аялы пальто кийсе жанылык эмес. Мына менин кайнежем 900мин рубьлга шуба алып кийгенде тан калгам)))... Эн башкысы эч кандай миллионер же чиновник же бизнесмен эмес)))
+1
Dikowka93
2020-05-27 11:50:40
Чынында А[moderated]ин самашынын пальтосу эмес койногу эле 300мин сом турса керек;)))))
0
Nurislam-Nuraiym
2020-05-27 12:04:44
Асел Кадырбекова деле 300 минге той койнок кийбедиби. Мунун эмнеси жанылык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан