Ысык-Көл облусунда жана Нарында жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда күчү 4,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бизге ӨКМдан билдиришти. КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча бүгүн 11:30да күчү 4,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Жетим-Бел тоо кыркасы болгону белгилүү болду. Ошондой эле Кажы-Сай айылында 3,5 балл, Каракол шаарында 3 балл, Нарын шаарында 3 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Алдын ала алынган маалымат боюнча, зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан