Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев орусиялык делегациянын башчысы Владимир Чернов менен жолугушту
Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев орусиялык делегациянын башчысы, Орусия президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштары боюнча башкармалыгынын башчысы Владимир Черновду кабыл алды. Жолугушуу Бишкекте өтүп жаткан экинчи кыргыз-орусиялык конференциянын алкагында өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аймактар аралык өнүктүрүү, маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууга алынды.