3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата Ош шаарында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин "Биз биргебиз" аттуу бир айлык өтө турганын Ош шаардык мэриясы билдирди. Бир айлыктын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар мончого бекер түшүп, чач кыскартуучу жайлардан бекер пайдалана алышат. Мэрия ошондой эле Ош шаарынын аймактык кеңештеринде ар түрдүү оюн-зоокторду, ал эми 3-декабрда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн концерттик программа уюштурууну көздөп жатканын маалымдады.