Абал курч. Индия менен Кытайдын ортосундагы жаңжалдан улам Индиянын 20 аскери каза болду

Индиянын Ладакх провинциясындагы Кытай менен болгон чек арада эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда жаңжал орун алып, анын кесепетинен Индиянын 20 аскери каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 16-июнга караган түнү болгон. Жаңжал болуп жаткан аймакта эч кандай ок атылган эмес. Индиялык жоокерлерди сабап өлтүрүшкөн деген божомолдор бар. Бирок бул версия расмий тастыктала элек. Ошол эле учурда индиялык басылмалар эки тарап тең жоготууларга учураганын, бирок Кытай армиясы өз аскерлеринин курман болгондугун тастыктай электигин жазып чыгышты.

Азыркы учурда эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин өкүлдөрү чыңалууну басаңдатуу максатында жыйын өткөрүп жатышат. Ал эми кытай тарап Индияны мамлекеттик чек араны бузду деп айыптады.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Индия менен Кытайдын ортосунда тирешүү күчөп жатканын жана аларга арача болууга даяр экенин айткан. Өз кезегинде Орусия бул жаңжалга киришпей тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bond02
2020-06-17 10:52:42
Биздин президент эмне дейт, булардын жанжалына киришеби же жокпу?
-6
Bakyt2020
2020-06-17 12:07:12
bond02,Биздин Президент озунун жанжалын чечип алсынчы биринчи
+19
Daniel8885
2020-06-17 12:23:50
Bakyt2020,ыштаны жок тизеси жыртыкка кулгондой болуп дейсинерби..
+8
erlanspb
2020-06-17 21:35:18
bond02,сенин президентин баткенди карап тажик тарапка кийлигишсинчи биринчи Индия Китай мындай еле турсун
+1
aerforce
2020-06-17 10:53:27
Америка кычытып койуп олтурат окшойт ушул
+11
topi
2020-06-17 11:53:06
Дыдыш дыдыш, кия кия болуп атат экен да а
+20
Kara-kozz
2020-06-18 00:54:54
topi,;)))
0
Daniel8885
2020-06-17 12:22:34
Биздин президент озубузду тынчтыгын сактай билсин... Духу жетпейт андай жанжалдарга кийлигишууго
+3
Samatalibei
2020-06-17 12:57:27
Дүйнөдө тынчтык болсун.
+6
KaGaH
2020-06-17 13:44:31
Кытайдын чека арадагы спецназдары аябай тажрыйбалуу,орустар болбосо давно эле бизди да басып алышмак,чек арабызды курсагы салаңдаган контрактник менен 17 жаштагы суу мурун срочник кайтарат
-4
medetbek
2020-06-18 02:11:00
KaGaH,за то кайтарат да
+1
Uson.karaev
2020-06-18 04:16:53
KaGaH.ошол 17 жаштагы суу мурун кайтарганы учун сен тынч уктап жашап жатасын Кыргызстанда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан