Нарын. "Тамашоунун" мектеп лигасынын ачылыш фестивалында Нарындын "Красавчики" командасы "Эң мыкты команда" аталды

24-ноябрда Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда “Тамашоунун” мектеп лигасынын жаңы сезонунун ачылыш фестивалы болуп өттү. Анда Нарын шаарынан барган Токтогул атындагы №1-мектептин “Красавчики” командасы “Эң мыкты команда”  номинациясында жеңип келди. Мектеп лигасында борбор калаадан тышкары аймактардан Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 18 команда күч сынашкан. Жеңишке жетишкен “Красавчики” командасы кийинки оюндарга жолдомо алып кайтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан