Парламентте бүгүн КРнын Өкмөтү менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга каржылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана КРнын Өкмөтү менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу каралды. Экономика министри Темир Сариев Германия 26 миллион евро көлөмүндө гранттык каражат берип, ал сумма калктын жашоосун оңдоого, шаарларды жакшыртууга жумшалат деп айтты. Депутат Курмантай Абдиев “евро, доллар дей бербей, сом менен сүйлөсөк жакшы болот эле, элге түшүнүктүү болмок. Айылдарда еврону көрө элек, евро эмне экенин билбеген адамдар бар” деди. Соңунда мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.