Интернетке жайылып кеткен "Республика" партиясынын "Карусель" чуулуу видео тасмасындагы Наргиза Ажибаева маалымат берди

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Республика" партиясынын өкүлү Наргиза Ажибаеванын бир топ жаштарга карусель ыкмасын үйрөтүп, аларга акча таратып жатканын чагылдырган чуулуу видео тасма интернетке жайылып кеткен. Ошол тасмадагы баш каарман Наргиза Ажибаева теледен ал жашыруун тартылган тасма тууралуу маалымат берди. Ал аталган видео тасманы провокация деп атап, бул атайын алдын ала атаандаш партиялардын биздин партияны каралоо максатында жасаган иши деп айтып чыкты. "Мунун артында кызыкдар партиялар, алтургай бүгүнкү бийликте турган партиялар болушу мүмкүн. Тергөөгө кайрылып бул ишти териштирем",- деди Ажибаева. Ал бул чуулуу тасманын ээси Зарина Эсеналиева деген адам экенин айтты. Айтымында Зарина Эсеналиева бир ай мурун аталган партиянын штабында иштеп кеткен. "Муну Зарина Эсеналиева жасагынын билдим. Бул менин артымдан бычак сайгандай эле болду",- деди. Ал эми өзүнүн кадрдагы аракеттерин "Мени Зарина Эсеналиева ошого макул кылдырган. Биз ал жерде штабдын кызматкерлерине карусель ыкмасынын кандай өңүттө болорун жөн гана көргөзүп берип жатканбыз. Шайлоодо эч кандай карусель болгон жок" деп акча тараткандагы учурду "штаб кызматкерлеринин айлыгын берип жатканбыз" деп түшүндүрдү Ажибаева. 
Наргиза Ажибаева: "Партиялашым Зарина Есеналиева сатып кетти" 1-болук
Наргиза Ажибаева: "Партиялашым Зарина Есеналиева сатып кетти" 2-болук
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан