Борбор Азиядагы Америка университети: "Наргиза Ажибаева жеке кызыкчылыгы үчүн биздин окуу жайдын атын пайдаланган"

Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ) "Республика" партиясынын жаштар канатынын лидери Наргиза Ажибаева тууралуу расмий билдирүү жасады. Буга Н.Ажибаеванын анкетасында БААУ тууралуу жазылганы себеп болгон. "БААУ расмий түрдө билдирет: Республика" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлигин койгон Наргиза Ажибаева БААУда мугалим да, студент да болгон эмес. Ал аталган партиянын сайтында өзүнүн анкетасында биздин университеттен толук билим алгандыгын жана өзүн окуу жайыбыздын кызматкери катары көрсөткөн. Наргиза Ажибаева болгону 2011-жылы БААУнун алдындагы кошумча билим берүү Борборунун кыска мөөнөттүү акысыз курстарына келип жүргөн. Эреже боюнча мындай курстардын катышуучусу БААУнун толук кандуу өкүлү деп эсептелинбейт. Андыктан Назира Ажибаева жеке кызыкчылыгы үчүн БААУнун атын пайдаланганы жана бул үчүн кечирим сурашы керек. Биз муну Наргиза айымдын абийирине койдук. Коомчулук чындыкка жатпаган мындай маалыматты туура жана түшүнүү менен кабыл алат деп ишенебиз",- деп жазылат БААУнун билдирүүсүндө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан