Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 19 өрт кырсыгы катталды
ӨКМ билдиргендей, өткөн бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 19 өрт кырсыгы болуп өттү. Атай кетсек, Бишкек шаарында - 5, Чүй облусунда - 3, Ош облусунда - 5, Жалал-Абад облусунда - 2, Ысык-Көлдө - 2, Ош шаарында 2 өрт кырсыгы катталды. Ош облусунун Кара-Суу районунда бир үй өрттөнүп, эшик, терезе, пол, эмеректер өрттөндү. Кырсык мештин кесепетинен келип чыккан.