Бишкек шаарындагы интернет-клубдарынын биринен акча уурдап кеткен 1997-жылы туулган Э.Элдияр кармалганын бүгүн Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Ал үстүбүздөгү жылдын август айында интернет-клубдан 2000 сом уурдап качып кеткен. Укук коргоо органдарынын тиешелүү рейдинен кийин, жогоруда аталган өспүрүмдүн кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.