Кечээ кечки саат 18:00дөр чамасында Аламүдүн районунда кырсык катталып, анда 72 жаштагы жаран каза болгонун Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын 56 жаштагы айдоочусу Аламүдүн районуна караштуу Алматы көчөсүнөн 72 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп кеткен. Жыйынтыгында карыя киши окуя болгон жерден каза болуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.