Тышкы иштер министрлиги: "2013-жылдан баштап паспортунда мөөр басуу үчүн бош баракчалары жок болгон жарандар Түркияга киргизилбейт"

КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Түркия өлкөсүнө барууда өзгөрүүлөр болуп жатканын маалымдайт. Жаңы жобо боюнча 2012-жылдын 31-декабрынан баштап Түркиянын аймагына келген чет элдик жарандардын паспорту жок болсо, өлкөгө киргизилбей, кайра артка жиберилет. Ал эми көрсөтүлгөн датага чейин паспортторунда же паспорттун ордун басуучу документтеринде мөөр басуу үчүн бош баракчалары жок болгон чет жердин жарандарына бир жолку "кирип-чыгуу формасы" берилет. Түркиянын аймагында жүргөн жарандар ал форманы дайыма жанында алып жүрүп, өлкөдөн чыгып баратканда чек ара пункттарындагы кызматкерлерге көрсөтүшү керек.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан