Парламентте "Кыргызгаз" ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев сөздөн жаңылганын моюнга алды

Бүгүн ЖКда "Кыргызгаз" ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзев өлкөдөгү аталган ишканага мамлекеттик ири ишканалардын карыздарын санап 5 жарым миллион сом экенин айтты. Депутаттар "алар "Кыргызгазга" карызбы же сизгеби?" деп суроо берсе, Кулмырзаев "Кыргызгазга" карыз, бирок мен жетекчи болгондуктан, мага карыз деп койсо да болот" деп жооп берди. Депутат Исмаил Исаков: "Бакиевдин бийлигиндегилер да "мен, мен" деп жүрүп куулганын эске алып, абайлап сүйлөңүз",- деди. Буга Кулмурзаев "Бир сөздү кыстарып, ага асыла берген болбойт. Мен жаңылып айтып алдым. Бирок бир сөздүн тегерегинде талашып-тартышпай, конкреттүү иш жөнүндө сүйлөшөлү",- деп жооп берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан