Алтынбек Сулайманов: "ИИМ спортчулар менен уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн алмаштырып алды"

Бүгүн ЖКда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн сот аркылуу аныктоого багытталган мыйзам долбоору талкууланып жатат. Бул мыйзам долбоору боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп шектелген адамдардын статусун сот чечет. Эгер сот кимдир бирөөнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп тапса, анда ал адамды мамлекеттик кызматтарга иштетпөө жагы каралган. Бул мыйзам депутаттар арасында талаш-тартыш жаратты. Депутат Алтынбек Сулайманов: "ИИМ бүгүн спортчулар менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн алмаштырып алды. ИИМде өмүрү спорт залдын астанасын аттабаган адамдар учурда спортчуларды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү атап отурат. Спортчулар менен кылмышкерди айырмалап билиш керек. Эгер мындай боло берсе, бүт спортчуларды чогултуп өз сөзүбүздү айтабыз. Ушуга жеткирбегиле!",- деди Сулайманов. Депутат Ахматбек Келдибеков 3-октябрдагы митингде Ташиевдин жанында жүргөн 3 спортчу жигит бүгүн камакта отурганын билдирип, алардын эч кандай күнөөсү жок экенин айтты. "Башыбызга иш түшкөндө спортчулар керек, аларга башка учурда колдоо көрсөтпөйбүз. Ташиевдин жанында чемпион балдар бар",- деди Келдибеков.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан