Жалал-Абад. Шайлоодо утуп чыккан "Өнүгүү" партиясы атаандаштарын сабырдуулукка чакырды

Жалал-Абад шаарындагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 7 партиянын билдирүүсүнө карата өз пикирин “Өнүгүү” саясий партиясы билдирип, маалымат-жыйын өткөрдү. Анда “Өнүгүү” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын Жалал-Абад шаары боюнча координатору Н.Муллакелдиев партияга ишеним артып, чоң саясатта тушоосун кесип берген облус элине ыраазычылыгын билдирди. Шаардын социалдык–экономикалык өнүгүүсүнө кызмат кыла тургандыктарын убада берген партиядагылар атаандаштарын сабырдуулукка чакырды. “Ырас, үгүт учурунда бардыгыбыздын эле программабыз окшош болду. Ошондуктан биз “Өнүгүүнүн” программасы менен кошо “Ата Журт”, КСДП партияларынын программаларын ишке ашырууга аракет кылабыз” деп кошумчалайт партиянын мүчөлөрүнүн бири Ж.Эрназаров. Эскерте кетсек, шайлоого катышкан кээ бир партиялар шайлоонун таза өтпөгөндүгүн айтып чыгышкан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан