Талас. "Кырк чоро" кинотеатры көрөрмандарга эшигин ачты

Бүгүн Талас шаарынын “Кырк чоро” мамлекеттик кинотеатры 2011-жылдын август айынан бери биринчи кинотасмасын тартуулады. Жаңыланган кинотеатрга биринчи кинонун коюлушу менен ачылышын кайрадан майрамдоого КРдагы ЮСЭИД өкүлчүлүгүнүн мүдүрү Кери Гордон, КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков жана Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубековдор катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. КРнын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы кыргыз кинематография департаментинин директору Муктаалы Бектеналиев Кери Гордонго ыраазычылык билдирип калпак, чепкен тартуулап, өзү айткандай, “кыргыз” кылып кийит жапты. Ошондой эле кыргыз эстрадасынын жылдыздары Мирбек Атабеков, Ома, Омар жана Арсен келип куттуктоо иретинде ыр тартуулашты. Мындан ары “Кырк чоро” кинотеатры өз ишин уланта бермекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан